Өзбекстандын белгилүү куудулу Обид Асомов кайтыш болду

Бүгүн, 14-декабрда Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти, куудул Обид Асомов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Өзбекстандын «UzNews.uz» сайты жазып чыкты.

Обид Асомов 55 жашта болчу. Анын дүйнө салгандыгы боюнча маалыматты артисттин жакындары тастыкташкан.

Ал 11-декабрда ооруканага оор абалда түшкөн. Дарыгерлер ага «инфаркт миокарда» диагнозун коюшкан.

2000-жылдары ал Орусиянын «Кривое зеркало» аттуу программасында юморист Евгений Петросян менен биргеликте сахнага чыгып жүргөн. Ошондой эле Орусиянын каналдарында «Смехопанорама» жана «Смеяться разрешается!» аттуу берүүлөрдө эмгектенген. Көп жылдар бою Өзбекстанда анын чыгармачылыгына кыйыр түрдө тыюу салынып келген.

2018-жылдын май айында Обид Асомов «Узбекфильм» кино студиясынын алдындагы мультипликациялык студиянын директору болуп дайындалган.

Асомов «Шерали и Ойбарчин» (1989), «Железный мужчина» (1991), «По закону джунглей» (1991), «Великан и коротышка» (2003), «Махаллада дув-дув гап 2» (2006) ушул жана башка тасмаларда роль жараткан.

Биздин редакция маркумдун жакындарына жана Өзбекстандын элине көңүл айтат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо