Жээнбеков: санариптик коом аркылуу коррупцияны жоёбуз

2019-2023-жылдарда Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо Концепциясы иштелип чыкты.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында маалымдады.

«Менин негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеӊири колдонуу зарыл»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Санариптик трансформациялоо мыйзам чыгаруу, сот процессин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин функцияларына тиешелүү. Айрыкча укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, банк системасын, салык жана бажы тармактары бул системага камтылат.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо