Бизнес-омбудсмен институту түзүлөт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда бизнес-омбудсмен институтун түзүү боюнча кеңешме өткөрдү. 

Өкмөт башчы белгилегендей, бизнес-омбудсмен институтун түзүү коррупциялык тобокелдиктерди, бизнес жана текшерүүчү органдар ортосундагы коррупциялык тобокелдикти азайтууга өбөлгө түзөт.

«Бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоо жана бизнести тейлөө борборун түзүү планы иштелип чыгууда. Үчүнчү маселе – бул бизнес-омбудсмен институтун түзүү. Биз муну бизнестин кызыкчылыгын коргоого алуучу жана алардын көйгөлөрүн көтөрүп чыгуучу, бизнести колдоого алуунун бирден-бир натыйжалуу механизми катары эсептейбиз. Өзгөчө бул көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү органдар ортосундагы мамилелерге тийиштүү», – деди Абылгазиев.

Экономика министри Олег Панкратов бизнес-омбудсмен институтун түзүү учурдун талабы экенин айтты. Эгер институт ишке кирсе мамлекеттик органдарга таасир этүү механизмине ээ болот.

«Бизнес-омбудсмен – бул мамлекеттик эмес түзүм, мамлекеттик эмес көзкарандысыз институт. Бизнес-омбудсмендин ишинин негизги багыты катары укук, көз карандысыздык жана айкындуулук үстөмдүгү принциби болуп саналат. Анын жазалоо функциясы болбойт, ал тарабынан кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү саналат», – деди Олег Панкратов.

Өкмөт башчы бизнес-омбудсмен институтун түзүү процессин тездетүүнү жана бардык зарыл ченемдик-укуктук актылардын тыкыр даярдалышын камсыздоону тапшырды.

Ишкерлер акыйкатчысы же бизнес омбудсмен дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө калыптанган институт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо