
Ош шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 27 метрге жеткен балаты орнотулду. Ал өлкө боюнча эң бийик жаңы жылдык балаты болуп эсептелет.
Түштүк борбордун башкы балатысынын оту 16-декабрда жандырылды. Балатыны орнотууга жана борбордук аянтты кооздо иштерине 1 млн 400 миң сом жумшалган.
Балатынын чокусуна 2 метрлик жылдыз орнотулган. Ош мэриясы башкы балаты менен борбордук аянтчанын жасалгасы жылдагыдан өзгөчөлөнгөнүн билдирүүдө.
Эске салсак, Ош шаарынын башкы балатысы 4 жылдан бери өлкө бөюнча эң бийик болуп келе жатат. Өлкөнүн башкы балатысынын бийиктиги быйыл 25 метрди түзгөн.
Оставьте первый комментарий