
Ушул тапта Ак үйдүн алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар Бишкектин Профсоюз көчөсүндөгү үйлөрдүн сүрдүрүлүшүнө каршылык билдиришүүдө.
«Т-Медианын» кабарчысы Марат Акимбек уулу жеринен билдиргендей, азыр Бишкектеги Ак үйдүн алдында 30дан ашык адам турат. Нааразы тарап парламентке кайрылып, «Туура эмес токтом бергендер жоопко тартылсын», «Жогорку Кеңештен чындык күтөбүз», «Кыш чилдеде кайда барабыз» деген жазууларды кармап алышкан.
Буга чейин Бишкектин Профсоюз көчөсүндөгү 18 үй мыйзамсыз курулган деген негизде сүрдүрүлө турганы кабарланган. Анын бирөөсүн сүрдүрүү боюнча чечимди Жогорку сот 13-декабрда чыгарган.
Пикир калтыруу