Прокурордун өлүмүн атайын топ иликтеши мүмкүн

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун жакындары президентке кайрылуу жасап, мекеме аралык тергөө тобун түзүп иликтөөнү суранышты. 

Бул өтүнүчтү маркум прокурордун жакындары иштин кылдат жана адилеттүү чечилишинен үмүт артып келтиришүүдө. Айтымдарында, азыркы иликтөөнүн жүрүшү чындыкка дал келбейт жана айрым шектүүлөрдүн суракка алынбай жатканы шек жаратып жатат.

«Кылмышка шектүү адам 60 кг экен. Киши колдуу болгон прокурордун бою 185 см, салмагы 90 кг болгон. Шектүү адам маркумду өлтүрүүсү мүмкүн эмес.  Ошондуктан муну жалгыз эле адам өлтургөн жок. Бизде күмөн болуп жатат. Шектүү мас болуп калып кокусунан атып жиберген, тамэки чегип жатып анын чогу курткасына түшүп, анан куртканы маркумдун үстүнө жаап коюп күйүп калган деп жомокторду айтып жатышат. Буга ким ишенет? Эч ким ишенбейт. Карап көрсөң тергөөдө акырындык менен мен өлтургөн эмесмин дегенге жетип жатат. Ошондуктан президенттен тергөөнү ачык иликтенүүсүн көзөмөлдөп берүүсүн суранабыз»- тууганы деди Абдылда Темирбердиев.

Маркум прокурордун жакындары Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүүлөрдү жоопко тартып, күч органдарынын арасында мекеме аралык тергөө тобун түзүүнү президент Сооронбай Жээнбековдон жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон суранышты.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 18-ноябрда Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо