Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 16-декабрь күнү саат 19:20да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 баллга, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо