Тандайбыз. Транспорт министрлигине кимиси татыктуу?

Жамшитбек Калилов транспорт жана жолдор министрлигинен бошотулгандан бери орду бош турат. Азыр бул орунга болжолдуу талапкерлердин ысымы атала баштады. 

Такталбаган булактардын маалыматы боюнча,  министрлик кызматка мурда үч жолу транспорт жана жолдор министри болуп иштеген Нурлан Сулаймановдун талапкерлиги каралып жатат.  Жол тармагы боюнча тажрыйбасы мол болгон Сулайманов Жогорку Кеңештин экс-депутаты катары да таанымал.

Болжолдуу талапкерлердин катарында мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаровдун да ысымы аталып жүрөт. Айдаров учурунда транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бишкек – Ош автожолу дирекциясынын башкы директорунун биринчи орун басары, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарбасы башкармалыгынын директору болуп иштеген.

Бош калган кызматка мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри болгон Аргынбек Малабаевдин барышы жөнүндө да айың кептер айтылып жатат. Малабаев кезинде Кыргыз темир жолу башкармалыгынын жетекчиси, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси,  Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын башкы директору болгон.

Болжолдуу тизмеде транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп турган Жеңишбек Ногойбаевдин да ысымы аталууда. Ногойбаев учурунда «Бишкек автовокзал» мамлекеттик ишканасынын башкы директору, «Фрунзе»электр вакум станциясында техникалык бюронун жетекчиси болуп иштеген.

«Т-Медиа Group» жогоруда аты аталып жаткан талапкерлерди добушка коёт. Сурамжылоого катышып, добуш берсеңиз болот.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо