Эскертебиз. Красная-Горка жана Ак-Таш жолу бир тараптуу жабылды

Жалал-Абад облусундагы Красная-Горка жана Ак-Таш автоунаа жолу кар көчкү жүргөнүнө байланыштуу жол бир тараптуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, бүгүн таңкы саат 06:40 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 90-100-чакырымында көлөмү болжол менен 1000м3 кар көчкү түшкөн.

Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, ӨКМ 18-19-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын  тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөөрүн эскертүүдө. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*