Картошка Өзбекстанга кайрадан экспорттолот

Кыргызстандын картошкасын Өзбекстанга экспорттоону жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгер буга чейинки түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирсе, кошуна өлкөгө  мурдагыдан эки эсе көп картошка чыгарылат. 

Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев билдиргендей, Кыргызстан тарап Өзбекстанга 300 миң тонна картошканы экспорттоо боюнча келишим түзгөн. Азыр картошканы сатып алчу компаниялар аныкталып, ишти баштоо аракеттери көрүлүүдө.

«Картошканы боюнча Өзбекстан тарап бизге 45 ишканасын тизмектеп берди. Ишканалардын саны 70 чейин болот деп божомолдоп айтып жатышат. Картошканы Өзбекстанга, Түркменистанга экспорттоого жол ачтык. Учурда чек ара боюнча да эч кандай маселе жок. Ошол 70 компаниянын жарымын түштүккө калган бөлүгүн түндүккө пландап жатабыз. Ал компанияларды ошол жер-жерлерге алып барып дыйкандар менен жолугуштурабыз»,-деди Нурбек Мурашев.

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспортоону чек аралары менен баштаган. Бирок азыр убактылуу токтоп турат. Буга баалардын төмөндөп кеткени түрткү болгон.

Быйыл Кыргызстанда 1 млн 400 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Анын 900 миң тоннасы Кыргызстандын ичинде керектелет. Калганы сыртка экспорттолмокчу.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1442 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо