Өкмөт тарифтер тууралуу үн катты

Таза сууга жана электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт деген маалыматты өкмөт төгүнгө чыгарды. 

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тарифтердин көтөрүлүшү боюнча социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт.

«Өкмөт тарифтерди көтөрүүнү да, жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок. Ошондой эле жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз жана жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырабыз»,-деп жазылат билдирүүдө.

Учурда социалдык тармактарда таза суунун, электр энергиясынын баасы жана жарандардын пенсиялык жаш курагы 2019-жылдын башынан тарта жогорулашы тууралуу маалыматтар активдүү жайылууда.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо