Кыргыз-кытай жарандарынан канчоо баш кошкон? Статистика

Акыркы 8 жыл аралыгында Кыргызстандын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курган.

Бул статистиканы өкмөттүн басма сөз кызматы ачыктап чыкты. Билдирүүдө айтылгандай, жогорудагы көрсөткүч никелешүү тууралуу расмий күбөлүктү алышкандарга гана тиешелүү.

Кытай эл республикасынын жарандары менен расмий никелешкендер тууралуу статистика 2010-2018-жылдар аралыгында алынган.

Көрсөтүлгөн жылдар аралыгында 268 Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган.

Быйыл Кыргызстанга 35 миң 215 кытай жараны кирсе, 34 миң 436 кытай жараны өлкөдөн чыгып кеткен

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо