Кыргызстан-Өзбекстан соода жүгүртүүнү күчөтөт

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу соода жүгүртүүнү эки эсе жакшыртат. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынында билдирди. 

Абылгазиев өз сөзүндө Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыгын мындан да жандандырышына ишеним билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 250 миллион доллардан ашуун суумманы түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11%га жогору болуп саналат. Бирок биздин мамлекет башчылар тарабынан соода жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына дейре жеткирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу аталган ишти активдештирүү абдан маанилүү деп эсептейм», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралары 2017-жылы ачылып, ошондон бери соода, туризм байланышы жакшырып келүүдө. Кыргызстан Өзбекстанга картошка, цемент жана кара алтын экспорттосо, коңшу өлкө бизге жашылча-жемиштерин чыгарууда.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо