Жаңы токтом: ишкерликти текшерүүгө мораторий киргизилет

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу » жөнүндөгү токтомго кол койду.

Ага ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкер субъектилерин текшерүү жүргүзүүгө мораторий киргизилет. Убактылуу жарыяланган мораторий  2021-жылдын 1-январына чейин иштейт.

Өкмөт башчы белгилегендей, бизнести текшерүүгө киргизилген тыюу салуу формалдуу түрдө эмес, ишкерликти колдоого алуунун натыйжалуу механизми катары каралган.

«Бул популистик экономикалык саясат эмес, бизнести колдоого алуу жана коргоонун конкреттүү механизми. Мораторий Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шартын жеңилдетип, ошол эле учурда ишкерлердин мыйзам сактоо жаатындагы чоң жоопкерчилигин түшүндүрөт», – деди өкмөт башчы.

Киргизилген мораторийге ылайык төмөнкү органдар ишкерлик субъекттерди убактылуу текшере албайт:

  • Социалдык фонд
  • Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги
  • Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
  • Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы
  • Финансы министрлигине караштуу Баалуу таштар департаменти
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө башкармалыгы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ишкер субъектилерин текшерүү жүргүзүүгө киргизилип жаткан мораторий жарандардын коопсуздугуна жана ден-соолугуна эч кандай коркунуч келтирбейт.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо