Жээнбеков: «Раим миллионду» жакшы иштейт деп Оштон алып келишкен

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен эч кандай байланышы жок экенин бүгүнкү басма сөз жыйында айтып чыкты. 

Жээнбековдун белгилешинче, 2017-жылдан бери Райымбек Матраимов жөнүндө сөз болгон эмес. Президенттике келгенимден кийин эле аны коррупционер деп иштен алышып, менин жакыным деген сөздөр айтыла баштады. Бирок бийлике келгенимде Райымбек Матраимов кызматта жок эле. Соттон утуп алыптыр, аны да менден көрүп жатышат деп билдирди.

«Мына азыр Искендер Матраимов КСДП партиясына мүчө, депутат. 2012-жылы иниси Раим Матраимов аким болду. Ошол убакыттан бери КСДП иштеп келе жатат. Анан 8 жыл жакшы болуп, мен кызматка келгенден кийин эле жаман болуп калабы?. Ойлонуп көрсөңөр бул логикага жатабы? Мен Ош облусунда иштен турганда Раим Матраимов планды 56 пайызга толтурган. Ошодон кийин жакшы иштейт деп бажы кызматына орун басар кылып алып келишкен»,- деди Сооронбай Жээнбеков

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.Андан кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлкеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1442 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо