
Кечээ, 19-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автокырсык катталып, 2 адам каза тапты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 205-чакырымында «Ауди-100» менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Окуядан жеңил унаадагы 2 адам каза болуп, бирөө жаракат алган.
Жабыркаган жаран райондук ооруканага жеткирилген.
Пикир калтыруу