Депутат өкмөткө электр баасын кайра кароону эскертти

Парламент депутаты Аида Исмаилова өкмөттү электр энергиясы боюнча тарифти кайра карап чыгууга чакырды. 

Исмаилованын белгилешинче, өлкө электр кубатын импорттогон маалда коюлган тариф боюнча төлөп келүүдө. Убактылуу кымбаттаган тарифти өкмөт кайрадан карап чыгышы керек деди.

“Азыр электр энергиясына импорт жок. Тескерисинче, электр кубатын Өзбекстанга экспорттоло баштадык. Экспортко өздүк баадан төмөн чыгарылып, өзүбүздүн жарандарыбызга кымбат сатылууда. Андыктан, кыргыз өкмөтү электр энергиясы боюнча тарифти кайра карап чыгуусу керек”,- дейт Аида Исмаилова.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо