
Бүгүн таңкы саат 09:30да Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 78-86-чакырымында жүргөн кар көчкүнүн көлөмү 20000 м3га жетет. Жабыркагандар жок.
Азыр жол эки тараптуу жабылган. Сүрүлүп түшкөн карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жол тазаланып бүтөөрү менен эле ачылбайт. ӨКМ Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жапкан.
Оставьте первый комментарий