Өмүрбекова: сылык дарыгерлерге кошумча акча төлөйлү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бейтаптарга сылык кайрылган дарыгерлерге кошумча акча төлөөнү бүгүн парламентте сунуштады. 

Дарыгерлерди сылыктыкка үйрөткөн демилге колдоо тапса, кошумча 15% сый акы төлөнөт. Бейтапка сылык кайрылбаган врач кошумча сый акыдан кол жууйт.

Өмүрбекова бул демилгесин бейтаптардан дарыгерлерге карата даттануулар көп түшүп жатканына байланыштуу көтөрүп чыккан. Айтымында, өкмөттүн дарегине келип түшкөн арыздардын көпчүлүгү ак халатчандардын орой мамилелери боюнча болуп жатат.

«Эгер дарыгерге бейтаптар тарабынан эч кандай арыз болбосо сунушталган сый акыны ала алат. Бирок бул азырынча жөн гана сунуш. Алдыда бюджетти карап чыгыш керек. Менин оюмча кошумча акча чыгарып бере турган болсок дарыгерлерди сылыктыкка үндөй алмакбыз»,- деди Алтынай Өмүрбекова.

Акыркы убакта коомчулук тарабынан ак халатчандарга карата сын-пикирлер көп айтыла баштады. Элдин сөзүнө караганда, дарыгерлер бейтаптарга берген акчасына жараша дарылайт жана ооруканадан жаткандан чыкканга чейин акча талап кылышат. Мынтип Коопсуздук Кеңешинин жайынында президент Сооронбай Жээнбеков да коңгуроо каккан.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо