Орусия чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салганы жатат

Орусияда кайрадан чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынышы күтүлүүдө.

Жаңы демилгени Россиянын Автомобиль боюнча мамлекеттик инспекциясы көтөрүп чыкканын РИА Новости жазып чыкты. Басылманын жарыялашынча, мыйзам долбоор Орусияда жүргөн чет элдиктердин баарына тиешелүү эмес.

Анын ичинде Кыргызстандын жарандары да айдоочулук күбөлүгүн Орусияныкына алмаштырып убара болбойт.

«Сунушталган мыйзамдагы чет элдик айдоочулук күбөлүк тыюу эмгек ишмердүүлүгүн чет элдик айдоочулук күбөлүктүн негизинде аткарып жүрүүгө укугу барларга тиешелүү эмес. Андан сырткары, расмий тили орус тили болгон мамлекеттердин жарандары күбөлүгүн алмаштырбайт»,- деп жазат РИА Новости.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу чет өлкөдөн алган россиялыктарга да тиешелүү. Күбөлүктү алмаштырууга алты ай убакыт берилет.

Быйыл жайында Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандыктарга улуттук күбөлүк менен  транспорт башкарып жүрүүгө уруксат берген мыйзамга кол койгон эле.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо