Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мезгил-мезгили менен катуу кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү болуусу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы төмөндөйт. «Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, -3°+2°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын 0…-5°, 1…6°, ал эми Нарын облусунда -15…-20°, -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1458 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо