Кыргызстанда «Унаа» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Өкмөттүн алдында түзүлгөн «Унаа» мамлекеттик мекемеси автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү функцияларын аткарат.  

Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти менен маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору өкмөттүн атайын чечими боюнча жоюулган.

«-Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп. Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу  эки мекемени жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды», – деп белгиледи өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Унаа» мамлекеттик мекемеси эки кызматты бирдей аткарат. Автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү төмөнкүдөй шартта жүргүзүлмөкчү.

— транспорттук каражаттарга каттоо документтерин берүүдө, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка бланкалык продукцияларды персонификациялоодо бирдиктүү терезени түзүү;

— мамлекеттик тейлөө кызматын алуучулар менен аткаруучулардын физикалык өз-ара аракеттешүүсүн калкты тейлөө борборлору аналогиясында жоюу;

— кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калкка социалдык маанилүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык жабдуу маселесин чечүү;

— ишти үзгүлтүксүз өркүндөтүү максатында жаңы маалыматтык технологияларды каржылоо;

— айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди кабыл алууга жана өткөрүүгө белгилүү жактарды кое берүүдө адамдык факторлордун жоюулушу;

— катталган транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамдын актуалдуу маалыматтык базасын түзүү;

— транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоого алууга жоопкер ведомствого караштуу бир органды түзүү.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердигин толук автоматташтыруу камсыздоо зарыл – бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши керек.

Ошондой эле кайрадан жаңы түзүлгөн мекемеге кызматкерлерди алуу компетенттүү жана коррупцияга аралашпаган кадрларды тартуу үчүн ачык сынактык негизде өткөрүлүшү кажет,- деп кошумчалады ал.

 

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо