
Ошто акыркы эки айда туруктуу жашаган жери жок беш селсаяк каза тапты. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.
Милициянын билдиришинче, 1-ноябрдан 20-декабрга чейин беш киши суукка тоңуп каза болгон. Алардын баарынын үй-жайы болгон эмес.
«Селсаяктардын баары аба ырайынын сууктугунан улам каза болду. Бешөө тең эркек кишилер. Туруктуу жашаган жери жок, көчөдө күн кечирген адамдар. Алар үй-бүлөлүк келишпестикен ичип кеткендер же жумушсуздуктун айынан көчөдө калгандар»,-деди Замир Сыдыков.
Ошто жыл сайын кыш суукта 10го жакын үй-жайсыз жаран каза болот. Акыркы факт 17-декбарда катталып, Масалиев көчөсүндө жылуулук өтүүчү түтүктөн 25-30 жаштардагы эркек кишинин денеси табылган.
Калаада селсаяктар жата турган атайын баш калка жок. Быйылча баш панееси жокторго 10 адамга ылайыкташкан чакан түйүн ачылган.
«Ош мэриясы селсаяктарга орун кылып берүү үчүн Мусада деген уюмга 40 миң сом бөлүп берген. Кыштын суук мезгилинде селсаяктардын тоңуп калбоосу үчүн ачылды. Кыштын суук күндөрү бул баш калкалоочу жайга алып барып, бир маал ысык тамагы менен түнөй алышат«,-деди Максатбек Орозалиев.
Ош шаарында 50нүн тегерегинде селсаяк катталган. 30 жаштан 80 жашка чейинки жаран туруктуу үй-жайы жок деп каттоодо турат.
Оставьте первый комментарий