Жалал-Абадда ири өлчөмдө баңгизат кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 775 гр өлчөмүндө баңгизаты табылды. Аны 23 жаштагы тургун өз үйүндө сактап жүргөн. 

Обулустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, Токтогул РИИБне 19-декабрда райондун Ничке-Сай айылынын 1995-жылы туулган Ж.И аттуу тургундун өз үйүндө баңгизатттарды сактап жүргөнү боюнча оперативдүү маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде КРнын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон.

«-Ыкчам маалыматтан кийин ички иштер органдарынын тергөө тобу кечиктирилгис тинтүү ишин жүргүзүп, Ж.И жашаган үйүнүн короосундагы сарайынын ичинен жерге көмүлгөн 1 даана 3 литр банканын ичинен 65 даана төрт бурчтуу формадагы кара-күрөң түстөгү салмагы 775 гр болгон өзгөчө жыты бар зат табылган,»-деп айтылат маалыматта.

Милиция учурда алынган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындап, аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында ыкчам тергөө амалдарын улантып жатат.

Кылмышка шектүү Ж.И мурун КРнын КЖКсынын 246-беренесинин 3-бөлүгү менен соттолуп, 20 миң айып пул салынган.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо