
Жалал-Абадда дене табы көтөрүлүп кеткен баланы кароодон баш тарткан педиатр иштен алынды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Сузак районунун Благовещенский айылындагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун педиатры өз ишин аткарбаганы үчүн иштен четтетилди.
Мындан сырткары Сузак райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна бейтаптарды кароодон баш тарткан окуялар кайталанбасын деген эскертүү берилди.
Буга чейин социалдык тармакта Благовещенский айылындагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы педиатр дене табы 38ге көтөрүлгөн баланы кароодон баш тартканы боюнча видео тараган эле.
Пикир калтыруу