Жумгалдагы кылмыштын чоо-жайы

Ички иштер министрлиги өрттөн каза тапты деп болжолдонгон үй-бүлөнүн өлүмүн ачыктады.

Жумгал районунун Көк — Ой айылындагы өрт кырсыгы катталган жерге оперативдик иликтөө тобу барып 47 жаштагы А.Э аттуу аялдын жана жанындагы бөлмөдө 4 жаштагы кыздын, 7 жаштагы баланын жансыз денесин табышкан.

Тергөө маалында экспертиза дайындалып, 47 жаштагы аял жана анын төрт жаштагы небереси зордукталып, кылмыштын изин жашыруу максатында үй өрттөлгөнү маалым болду. Андан көп өтпөй эле кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ш.К аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алып милицияга окуянын
чоо-жайын айтып берген.

Маалыматка ылайык, 21-декабрга караган түнү шектүү каза болгон аял менен спирт ичимдигин ичишкен.

«Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал 20-декабрь күнү 47 жаштагы А.Э. аттуу аял менен анын үйүндө саат 23:00 чамаларына чейин спирт ичимдигин ичишкен. Аял мас болуп уктап калганда, ал башка бөлмөсүндө уйкудан ойгонуп кеткен 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Ошол учурда жанында уктап жаткан 7 жаштагы И.А. аттуу бала ойгонуп кетип, шектүү баланы муунтуп өлтүрүп, андан соң кызды да тумчуктуруп өлтүргөн. Андан кийин шектүү мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы аялды да муунтуп өлтүргөн. Жасаган кылмышын жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун чокторун алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына коюп, анан качып кеткен«, — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо