Жаңы жылдан оорулуу балдардын ата-энесине маяна бериле баштайт

Бүгүн, 22-декабрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Талас облусунун Манас районунун эли менен жолугушуп, калктын суроолоруна жооп берди.

Манас районунун Кайыңды айылынын тургуну Кубат Жөнөтбаев дайым кароого муктаж майыптыгы бар баланын камкорчусуна берилүүчү айлык тууралуу суроо берди.

Дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өз алдынча кыймылдай албаган жана дайыма бирөөнүн көзөмөлүнө муктаж болгон, оор майыптуулуктугу бар баласы бар ата-энелерди колдоо максатында бул долбоор 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке ашканы турат. Көп жерде, «эмнеге 18 жашка чейинки эле балдардын камкорчусуна эле берилет?»,-деп суроо берген.

Бул долбоор көп жылдан бери сунушталып, бирок ишке ашпай келген. Буюрса келерки жылы бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша, 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдарды караган 6 миңдин айланасындагы камкорчуга айлык акы берилип баштайт. Ал үчүн МСЭКтин «дайым кароого муктаж»-деген маалымкаты керек. Ал эми 18 жаштан кийинки балдарга буюрса келечекте каражат табылса, жаш күрагы чектелбей калат«,-деп жооп берди министр.                                                                                              Кыргызстанда расмий 30 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталган.  Жаңы жылдан 6 миңинин ата-энесине персоналдык жардамчы деген патенттин негизинде 4900 сом айлык чегерилгени жатат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*