Нариман айыл өкмөтүн кетсин деген талап менен нааразылык акция өтүүдө

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышты. Алар айыл өкмөт башчысын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Буга чейин жергиликтүү бийлик башчысынын диплому жасалма экендиги аныкталган. Мындан сырткары тургундарга жер тилкесин берүүдө ар кандай бут тосууларды кылып жатканын айтышууда. Бул жолку нааразылык акциясына 200 чамалуу айыл тургундары чыгышты. Акцияга чыккан тургундарга айыл өкмөт башчы чыгып, айтылган талаптардын мыйзамдуу жолун түшүндүрүп берди. Азыркы учурда нааразылыка чыккандарды тартип сакчылары көзөмөлдөп турушат.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо