Фактчекинг: Атамбаев хан сарайын бакчага берээри жалган

Бүгүн интернет сайттарында жана социалдык тармактарда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайын бала бакчага өткөрүп берет деген маалымат тарады. 

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «Апрель» сайты КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаеванын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты»-деп шилтеме берип жарыялашты.

Маалыматта экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үч кабаттуу үйүн апрель революциясынын жабырлануучуларынын балдарына бала бакча үчүн өткөрүп берээри жазылган.

Маалымат чыгаары менен коомчулуктун көпчүлүгү экс-президентти колдоп-жакташты. Бирок тилекке каршы эл сүйүнгөн маалымат фейк болуп чыкты. Анткени «Апрель» сайтынын бүгүнкү жаңылыктарынын арасында мындай билдирүү коюлган эмес.

Ошондой эле фейк маалыматта КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаеванын да аты аталган эле. Биздин редакция өзүнө байланышып тактаганыбызда, ал эч кандай маалымат таратпаганын билдирди.

«Мен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү тууралуу эч кандай маалымат берген эмесмин. Бул туура эмес таратылган билдирүү. Атайын бирөөлөр ушинтип элди дүрбөлөңгө салууда«-деди Жолдубаева.

Анда маалымат кайсы жактан тарады? «Т-Media Group» редакциясы ачык булактардан билдирүүнүн баштапкы таратуучуларын издегенде фейсбук социалдык түйүнүнөн «Правдивые слухи» аттуу баракчаны таптык. Ал 25-декабрда саат 11:33дө төмөнкүдөй пост жазган.

Буга чейин  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү жөнүндө ар кандай сындар айтылып жаткан. Атамбаев өзү да Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын  ырастаган.

Атамбаев мамлекет башчылык кызматтан былтыр 24-ноябрда кеткен. Ал президент болуп турган кезинде 2016-жылы Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына 2,7 га жерге үй салганы маалым болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо