Финчалгын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Буга чейин интернетке Гуламжан Анарбаевдин «өтө маанилүү» деген белги коюлган коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты интернетке жарыяланган.

“Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү” боюнча мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгындоо кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо