Кышкы суукта селсаяк жашоосу кантти? Видео

Ош шаарында селсаяктар жата турган атайын баш калка жок. Быйыл үй-жайы жокторго ачылган чакан түйүн 10 адамды гана батыра алат. 

Бүгүнкү күндө шаарда 50нүн тегерегинде селсаяк катталган. 30 жаштан 80 жашка чейинки жаран туруктуу үй-жайы жок деп каттоодо турат.

Арасында биздин редакцияга азыркы жашоосун баяндап берген 52 жаштагы Арзыбай Калматов да (аты өзгөртүлдү)  бар. Анын селсаяк болуп жүргөнүнө 4 жылдан ашып калды.

Айтымында, селсаяктык жашоого баш оту менен кирип кеткен эмес. Тагыраак айтканда, ичкиликке берилген мезгилде гана көчөдө селсаякка айланат.

Калган убакта айылдагы үйүндө малдарын карап тынч жашоосун өткөрөт экен.  Бул ирет кайрадан Ошко келип селсаяктын жашоосуна киргенине эки аптадан ашты.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо