Жээнбеков: билимдүү коом гана келечекти кура алат

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков  2017-2018-окуу жылындагы  президенттик стипендияга татыктуу болгон жогорку окуу жайлардын студенттерине сертификаттарды тапшырды. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүшү үчүн билим берүү негизги ресурс катары бааланышы керектигин айтты.  Ошондой эле жаштар жакынкы келечекте санаритик платформага негизделген Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы деңгээлге чыгарууга түздөн-түз катышат деп билдирди.

«Бул жерде отурган жаштар, силер, 160 миңден ашуун студенттердин арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы жетишкендиктерди багынтып отурасыңар. „Билимдүүгө дүйнө — жарык“ деген элдик нуска сөз бекер жеринен айтылган эмес. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, ошончолук жолуңар ачык болот. Келечекте кайсы кесиптин ээси болбогула, эмгекчилдик, өжөрлүк менен ийгиликке жетесиӊер. Ар бириӊер өз тармагыӊар боюнча кесипкөй, мыкты адис болот деген үмүтүбүз чоң»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, студенттер өмүр бою изденип, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө, жаӊы кесиптерди багынтууга даяр болушу керек.

Айта кетсек, жыл сайын өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырылат. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында 69 студент президенттик стипендияны алууга жетишти. Аларга 10 айга чейин 50 000 сом өлчөмүндө стипендия чегерилет.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо