Ош облусунда кылмыш 1082 ге азайды

Ош облусунда соңку бир ай ичинде 98 кылмыш азайган. Бул сандар өткөн айга салыштырмалуу. Булар бирдиктүү профилактикалык иштердин алкагында жетишилген жыйынтык. 

Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу айыл өкмөттөрдө бардык мамлекеттик мекемелерден түзүлгөн комиссия айыл тургундардан кабар алды. Комиссия курамына билим берүү, социалдык өнүгүү, милиция, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт кызматкерлери, «Ош электро» жана мам экотех инспекция өкүлдөрү кирген. Алар турмуш шарты оор үй бүлөлөр менен жолугушуп, турмуш шарты менен таанышты. Тургундарда өзгөчө паспорт алуу, жөлөк пул жана жер тилке маселелери айтылды. Тиешелүү кызматкерлер аларды жазып алышып, жардам берилерин убадалашты.

Калктын көйгөйүн угуу демилгеси ички иштер органдары тарабынан демилгеленген. Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин билдирүүсүндө, тургундар тарабынан катталган кылмыштардын негизги себеби социалдык жактан жетишпестик. Уурулук, каракчылык, денеге залал келтирүү, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштар социалдык көйгөйлөрдөн келип чыгат.

«-Бизде катталган кылмыштардын 90 пайызы социалдык көйгөйлөргө байланыштуу. Маселен, бир үй бүлөдө бир тууган 2-3 үй бүлө жашашат. Алар атасы каза болгондон кийин үй мүлк, жер тилке талашып мушташып, а түгүл анын айынан каза болгондор бар. Биз кылмыштын жыйынтыгы менен эмес келип чыгуу себептери  менен күрөшөлү деп жатабыз. Жөнөкөй эле көйгөйдөн чоң көйгөй жаралган учурлар болот. Аны биз кылмыштардын алдын алсак кесепеттери жоюлат»,— дейт Ж.Аширбаев.

Ош ОИИБдан билдирдигендей, 2018-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен өткөн жылга караганда 1082 кылмыш азайган. 2017-жылы 8 миңден ашуун кылмыш иши катталган.

Эске салсак, укук бузуулардын алдын алуу боюнча мыйзам 2005-жылы кабыл алынган. Анда мамлекеттик кызматкерлер профилактикалык иштерди жүргузүп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча калк менен тынымсыз жолугушуп, көйгөйлөрүн чечип бериши керек эле. Бирок ал мыйзам толук аткарылбай келген. Ош облусунда иш алып барып жаткан комиссия мындан кийин ар ай сайын калк менен жолугушуп турат.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо