Ошто 8 мал союучу жайдын жетөө талапка жооп бербейт. Видео

Оштогу мал соючу жайлар экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербейт. Алар турак-жайларга жакын жайгашып, жугуштуу оорулардын таркашына себеп болуу коркунучу бар. 

Бул тууралуу  депутат Камчыбек Мамбетов шаардык Кеңештин жыйында айтып чыкты. Анын айтымында учурда Ошто талапка жооп бербеген 7 мал союучу жай иштеп жатат. Аларды жабуу боюнча токтом, мурдагы калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин убагында чыккан. Бирок токтом аткарылбай жатканын билдирди.

«-Азыр бруцеллёз, туберкулез, сибир жарасы деген кыргыздын генофонуна зыян келтире турган оорулар бар.  Мурунку мэрдин учурунда да көп токтомдор чыккан. Бирок аткарылбай келе жатат. Ал токтомдордо ушул мал союучу жайлар жабылсын, талапка жооп бере турган цехтерди ачкыла деген токтомдор болгон. Тилекке каршы ушул токтомдор азырга чейин аткарылбай келет. Дүйнөлүк рынокко чыгабыз деп умтулуп жатабыз, анын талабы күчтүү, ага биздин мал союучу жайларбыз жооп бербейт»,-деди Камчыбек Мамбетов

Ош шаардык мамлекеттик ветеринардык инспекциянын жетекчиси Сүйүнбай Абдуллаевдин билдиришинче, бир канча жылдан бери талапка жооп бербеген мал соючу жайларга ветеринардык көрсөтмөлөр берилип, бирок жыйынтык чыкпай келет. Өткөн жылы эле ветеринардык кызмат тарабынан аталган мал соючу жайлар жабылган болчу.

«-Бул маселе былтыр да көтөрүлүп, жабылган болчу. Бирок терс көрүнүштөр болбогондуктан, кайра ачылып иштеп жатат. Бирок жакында эле ачылган «Келечек» мал соючу жай жок болчу. Ошондуктан кайра ачылган.  Учурда  7 жай коопсуз эт азыктарын чыгарган талаптарга жооп бербейт. Технология процесси деп коёт, ошол талапка жооп бербейт. Буларды азыр жапсак, алтернатива «Келечек» мал соючу жайы элди камсыздай алат»,-деди Сүйүнбай Абдуллаев

Ошондой эле эреже боюнча мал соючу жайлар калктуу конуштан миң метр алыс болуусу керек.

Ошто күн сайын 70 кара мал, 50 кой союлат. Кыргызстанда мал союучу 83 жайдын 80 и талапка жооп бербейт.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо