Оштун мэри өнүктүрүү программасын жарыялады. Видео

Ош шаардык Кеңеши мэр Таалайбек Сарыбашовдун 6 айлык отчетун угуп, анын стратегиялык планын талкуулашты. Кала башчысы өзүнүн туруктуу өнүгүү программасын ишке ашырууга 6 млрд 328 миллион сом керектелерин айтты. 

Анын 348 миллиону жергиликтүү бюджеттен, 309 миллиону республикалык бюджеттен, калган 5 миллиард 570миллион сом инвесторлордон тартыла турганын билдирди.

Таалайбек Сарыбашовго шаардык Кеңештин депутаты Мирлан Аматбеков долбоордун реалдуугуна жана кантип ишке ашаарына кызыкты. Ага шаар мэри толук кандуу айта албастыгын билдирди.

«-Бул жерде кызыкчылык баарбыздыкы бирдей болушу керек. Ар бир программамда ички тышкы инвесторлорго көңүл буруп, ошолор менен иш алып барыш керек. Муну эми баарыбыз долбоорлорду жазып, иштеп донорлорду тартышыбыз керек. 5 миллиард 570 миллион сомдук инвестиция тартылыш керек деп киргизип жатам. Муну баарыбыз ишке ашыруубуз керек.  Чоң долбоорлордон эки үчөө, мен айтым алып кийин жалганчы болбошум керек. Чоң ишканалар курулат. Таза суу боюнча чоң инвестиция келип калышы мүмкүн. Аракет кылып жатабыз«,- деди Таалайбек Сарыбашов.

Шаардык Кеңештин депутаттары шаар мэринин Ош шаарын 2019-2020-жылдарда “Туруктуу өнүгүүгө багыт” программасын кабыл алышып, бекитишти.

Автор Т-медиа 11909 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*