Президент жаңы жылдык балаты майрамына катышты

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда республиканын бардык областтарынан келген балдар үчүн коюлган жаңы жылдык балаты майрамына катышты. Ага өлкөнүн булуң бурчтарынан  жалпы 1100 бала келишти.

Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Мамлекет башчысы балдар менен бирге жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Сыйкырдуу түш» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасын көрдү. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков каармандарынын бири менен тогуз-коргоол улуттук оюнун ойноду.
Оюн аяктагандан кийин Президент балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, жаш кыргызстандыктарга баардык каалоо–тилектеринин орундалышын каалады.
«-Ар дайым ден-соолугуңар чың болуп, бир туугандарыңар, досторуңар, ата-энеңер менен бактылуу болгула. Бийик максаттарга жеткиле! Намысты бек туткан, мекенди сүйгөн жаштардан болгула! Бүгүн мен үчүн өзгөчө кубанычтуу күн! Силердин Жаӊы Жылдык маанайыңарды көрүп, кубанычым койнума батпай турат. Азыр эле силер менен чогуу жаңы жылдык жомокту көрүп, абдан ыраазы болдум. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган уламышты көрдүк. Мага абдан жакты. Билесиңер, быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледик. Бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө белгиледи. Силер да улуу ойчул, даанышман, акылман Чыңгыз атаңардай болуп, өз элиңердин атагын ааламга жеткирген инсан болуп өскүлө», — деп балдарга кайрылды Сооронбай Жээнбеков.
Ал оюнду койгон уюштуруучуларга жана өз талантын көрсөткөн жаш актёрлорго ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо