Сүйүнүчтүү кабар! Өзбекстан Барак айылына түз жол ачты

 

2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш» (КР) — «Бирлишкен» (ӨР) өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Барактыктар дээрлик 5 жылдан бери Кызыл-Кыя шаары менен каттап калышкан болчу.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Макулдашууга 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген.

«Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. «Ак-Таш» өткөрмө пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча 2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди, күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташуу улантылган.

Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн «Кызыл-Кыя-унаа жол» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан. Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол жүрүү зарыл болгон. Учурда «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл.

Өткөрмө пункту күн сайын саат 9 дан 19 га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо