Суталиновго ырайым берүү сунушталды

Депутат Исхак Масалиев УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновго ырайым берилсин деп Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүн айтымында, Мурат Суталинов рак оорусу менен жабыркайт. Ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу бир бөйрөгүн да алдырган.

«Кыргызстандын бийлиги өз маалында мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди лейкоз деп эркиндикке чыгарып жиберишкен. Бирок, ал өзүн мыкты сезип басып жүрөт. Мурат Суталинов чынында ооруп жатат. Бирок, аны тергөө абагынан Улуттук онкологиялык борборго которбой эле», -деди Исхак Масалиев.

«Мурат Суталинов мунапыстын бирине да кирген жок. Аны ден соолугуна байланыштуу кое бериш керек, эркиндикте жүрүп күнөөлүү эмес экендигин далилдесин», -деп кошумчалады депутат өз сөзүндө.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10449 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо