
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 101 депутаттын 91 колдоп берди.
Буга чейин парламенттин КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алган. Жогорку Кеңеш фракциянын чечимин жактырып, өткөн аптада Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алган эле.
Анын ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги сунушталган. Касымалиеванын талапкерлигин күн мурун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жактырган.
Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басары бар. Мыйзамда вице-спикердин бирөөсү аял киши болушу керек деген талап бар.
Пикир калтыруу