
Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаарчасындагы 4 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 82 жаштагы кемпир түтүнгө ууланып каза тапты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 4 кабаттуу турак-үйдүн бир бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 1936-жылы туулган И.В. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон.
Окуя кечээ түнкү саат 22:30 чамасында катталган. Өрт саат 22:45де чектөөгө алынып, саат 23:09да толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Оставьте первый комментарий