Ошто балаты майрамы өттү. Сүрөттөр

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдарга жаңы жылдык балаты уюштурулду. 

Ош шаарында уюштурулган балатыга окуунун алдыңкылары, сынактардын жеңүүчүлөрү жана ар кандай иш-чараларда активдүүлүк көрсөткөн балдар чакырылган.

Балдардын балаты майрамына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келип катышты. Өз сөзүндө өкмөт башчы президент Сооронбай Жээнбековдун атынан балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

«Биз Жаңы жылдын келишин жакшылыкка зор үмүт жана ишеним менен күтөбүз. Мен чын дилимден жаңы жылда силердин аруу тилектериңердин аткарылышын каалайм. Силер жана силердин окуудагы ийгиликтериңер менен сыймыктанам. Дайыма терең билимге ээ болуп, жакшы тарбия алып, өмүр бою өз ишиңердин мыктысы болуп жүрө беришиңерди каалайм. », – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен уланып, соңунда аймактардан келген балдаргапремьер-министрдин атынан белектер тапшырылды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10449 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо