Ошто таза суунун баасы кымбаттады. Графика

Ош шаардык Кеңеши таза суунун баасын көтөрүү боюнча токтом кабыл алды. Эми жаңырган жылдын 1-январынан тарта сууга болгон тариф жогорулайт. 

Бекитилген токтом боюнча, ичүүчү сууга болгон тариф бюджеттик, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканаларга гана көтөрүлөт. Кымбаттоо калк абоненттерине тиешелүү эмес.

Киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин суунун баасы 2 сомдон 7 сомго чейин кымбаттайт. Эң жогорку тариф коммерциялык ишканаларга туура келсе, эң азы бюджеттик мекемелерге коюлган.

Суунун баасын көтөрүүнү Ош шаардык суу чарба башкармалыгы демилгелеген. Маселе былтыркы жылдан бери көтөрүлүп, бекитилген тариф коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча коюлган.

«Салыштырып чыксак, таза сууга болгон баа Кыргызстан боюнча бизде гана арзан. Жумушчулардын айлыгы аз. Техникаларыбыз, суу куурлары эскирген. Бул маселеден биз тарифти жогорулатып гана чыга алабыз. Ошондуктан, бааны көтөрүү чечимине келгенбиз. Кымбаттоону калк абоненттери көтөрө албайт. Ошого мекеме-ишканалардын гана сууга болгон тарифин көтөрдүк», деди суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров

Ош шаарында жалпы 250 миң абонент бар. Анын 2 миңге жакынын бюджеттик, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканалар түзөт.

Ош шаары күнүнө 2210 миң куб суу сарптайт. Калаада расмий 200 миңден ашык калк жашайт.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо