Президент: Сот реформасына эскиче ой-жүгүртүү тоскоол болууда

Президент Сооронбай Жээнбеков көп жылдан берки сот реформасын ишке ашырууга эскиче ой-жүгүтүү тоскоол болуп жатат деп эсептейт. Муну ал Бишкекте өтүп жаткан соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында айтты. 

Мамлекет башчы белгилегендей, сот реформасын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзгөн эксперттик топ түзүлгөн. Жумушчу топ 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөрүп, бардык региондордо мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«-Жумушчу топтун маалыматы боюнча, дагы эле эскиче ой-жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаӊы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат», — деп белгиледи президент.

Өлкө башчы мындан сырткары 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире турганын эске салды.

«-Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков  ушул жылдын май айында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Жарлыкка кол коюлганын, анда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүү иштерин кечиктирбей бүткөрүү тапшырмасы берилгенин эске салды. Бүгүн ошол Жарлыктын аткарылышын карап, тиешелүү тыянак чыгаруу зарыл экенин, мамлекеттик органдардын даярдык иштеринин жыйынтыгын карай тургандарын белгиледи.

 

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо