
Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча кезеги келген Өмүрбек Бакиров ант берип депутаттыкка расмий киришти.
Өмүрбек Бакиров 40 жашта. Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Жогорку Кеңештин V чакырылышында “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон.
Бакиров жакында ддепутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди.
Буга чейин Музаффар Исаковго айыл өкмөт болуп турганда айыл чарба жерлерин турак-үй курууга мыйзамсыз уруксат берген деп коррупция беренеси боюнча айып тагылган.
Пикир калтыруу