Азербайжанда кармалган Адамкул Жунусов Кыргызстанга алынып келинди

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып Азербайжандан  Кыргызстанга алынып келинди.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, Жунусовду бүгүн Финчалгындоонун кызматкерлери Баку шаарынан Бишкекке алып келген.

Буга чейин Адамкул Жунусов 28-августта эл аралык издөөгө алынып, 4-декабрда Азербайжанда кармалганы айтылган.

Адамкул Жунусовго 2013-2016-жылдары «А» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деген айып тагылган. Ага Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо