Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте 4-5-6-январь күндөрү шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу шахмат федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулат. Ага 6 жаштан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар катышат.

Иш-чаранын максаты спортчулардын чеберчилигин арттыруу, ошондой эле дүйнө жана Азия биринчилигине катыша турган оюнчулар тандалып алынат.

Автор Т-медиа 10833 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*