Жыл тандоо: Ош облусунун мыкты акими бүгүн аныкталат

«T-Media Group» жүргүзүп жаткан элдик сурамжылоо бүгүн 18:00до жыйынтыкталат. Токтогонго чейин өз тандооңузду жасап, добуш берүүгө үлгүрүп калыңыз.

Азыр добуштардын саны боюнча Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов алдыда келатат. Ушул тапта Матраимовго 14096 адам добуш берген.

Кийинки катарда 40% добуш менен Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев баратат. Азыр ал жалпы 12560 добуш топтогон.

Үчүнчү орунду 5% добуш менен Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов ээлеп турат. Ал ушул убакытка чейин 1704 адамдын добушун алган.

Андан кийинки катарда Алай, Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун башчылары теңтайлашып келе жатат. Алайдын акими 840,  Чоң-Алайдын акими 829, Өзгөн районунун акими 1097 добуш чогулткан.

Азырынча акыркы орунда Ноокат районунун акими Давран Маматалиев баратат. Ал 666 добуш топтогон.

Сурамжылоонун максаты райондук администрация башчыларынын ишин эл тарабынан баалоо багытын көздөйт. Жыйынтыгында эл тандаган акимге «T-Media Group» тарабынан атайын сыйлык берилет.

Эскертке кетсек, «T-Media Group» элдик сурамжылоону 19-декабрда жарыяланган. Азыркы тапта интернет аркылуу жүргүзүлгөн  элдик сурамжылоого 32 миңден ашык адам добуш берген.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо