
Ош облусундагы райондук администрациялардын башчыларынын ишин баалоо боюнча жүргүзүлгөн элдик сурамжылоо жыйынталды.
«T-Media Group» сайты жүргүзгөн сурамжылоого 38 миңден ашык адам добуш берди. Жыйынтыгында эң көп добуш менен Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов 2018-жылдын мыкты акими болуп аныкталды. Матраимов 46% же болбосо 17 миңден ашык интернет колдонуучунун добушун алган.
Андан кийинки добуштардын саны боюнча Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев экинчи орунга чыкты. Ал жалпы 41% добуш топтоду. Бөлүп эсептегенде 15725 колдонуучунун добушуна татыган.
Үчүнчү орунга Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканбаев татыды. Башында алдыңкы катарда келе жаткан Дыйканбаев сурамжылоонун жыйынтыгында 5% добуш чогулткан. Жалпы 1730 жаран добуш берген.

Эске салсак, «T-Media Group» элдик сурамжылоону 19-декабрда жарыяланган. Максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алып барган ишин элдин таразасына коюу болуп эсептелет.
Оставьте первый комментарий