Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эки аял каза тапты

Бүгүн эрте менен Оштун  Джим көчөсүндө жайгашкан №1-көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки аял каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо таңкы саат 07:00 чамасында катталып, 08:05де толук өчүрүлгөн. Учурда каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.

Өрттүн келип чыгуу себебтерин тактоо иштери да башталды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо