Ош милициясы алдамчылардан абайлоого чакырды

«СССР убагында төрөлгөн жарандарга акча төлөнөт» деп тарап жаткан маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы төгүнгө чыгарды. 

Милициянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, СССР убагындагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөсүн чогултуп жаткан адамдар болуп жатат.  Бул маалымат чындыкка туура келбейт жана негизсиз.

«Сиздерден мындай жалган маалыматтарга ишенип, өздүк документтериңиздин көчүрмөлөрүн бейтааныш же «фирманын, мекеменин өкүлдөрүбүз» деп келген адамдарга бербеңиздер. Бул маалыматты Ош шаардык социалдык фонд жана социалдык коргоо мекемелери тастыктаган жок. Мындай төлөмдөр боюнча мамлекеттик мекеме-уюмдар гана иш алып барып, бул тууралуу расмий түрдө жарандарга маалымат берилет«,-деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалымат кызматы кошумчалагандай, бүгүнкү күндө жалган маалыматтарды таратып жаткан жарандар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алардын кимдер экендиги аныкталган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо